Оморов Самидин Баязбекович “Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү” боюнча муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.
Жаңы жетекчини жамаатка Талас шаарынын вице-мэри Айбек Көчөрбаев тааныштырды.
Вице-мэр Самидин Баязбековичке жооптуу ишинде ийгиликтерди каалап, жамаат менен бирге шаардын тазалыгы, көрүнүшү жана жалпы көрктөндүрүү иштерин жаңы деңгээлге көтөрүү зарылдыгын белгиледи.