Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов, Талас регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетекчиси Уметалы Алыбаев, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акимдин орун басары Адилет Жолдошов жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Талас филиалынын кызматкерлери менен биргеликте Талас шаарындагы Алымкулов көчөсү №111/1 дарегинде 1224 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектептин курулушу үчүн бөлүнгөн жер тилкесинин чектерин тактап, тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизишти.
Белгилей кетсек, бул мектеп Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен курулуп, ал эми инженердик тармактарын долбоорлоо жана куруу иштери Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети тарабынан каржыланат. Инженердик тармактарын долбоорлоо жана куруу үчүн буйрутма берүүчү катары Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгы белгиленип, бардык иштерди көзөмөлдөйт.
Жаңы мектеп заманбап стандарттарга ылайык курулуп, окуучуларга ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Бул долбоор Талас облусунун билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга чоң салым кошот.