Жаңылыктар

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ ЖАҢЫРТЫЛУУДА

28.08.2024  16:26     Кароолор (26)

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Талас шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жана жалпы орто билим берүү мекемелеринде оӊдоп түзөө иштери аяктоо алдында турат.

Кечээ, 27-августта билим берүү мекемелериндеги оңдоо иштерин Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов текшерүүгө алды. Анда оңдоп түзөө жаатында иш алып барып жаткан курулуш компанияларынын жоопкерчиликтүү ишин баса белгилеп, аткарылып жаткан иштердин сапатына жана мөөнөтүндө аяктоого өзгөчө көңүл буруу, ошондой эле айрым мүчүлүштүктөрдү тезирээк жөнгө салуу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, дем берүүчү гранттардын эсебинен Талас шаарындагы №1 мектептин аймагындагы кичи футбол аянтчасын оӊдоого 1, 300 163 миң сом, ошол эле мектептин сырткы фасадын жаӊыртууга жалпы 3 млн 550 295 сом, №2 мектептин эшигинин алдына таманташ төшөөгө жана спортзалдын жылуулук системасын жаңыртууга 3 млн 409 985 миң сом бөлүндү. Ал эми №9 мектептин капиталдык ремонт иштерине 2 млн 910 099 миң сом бөлүнүп берилди. Ошондой эле №9 “Буратино” бала бакчасын жаңыртууга 3 млн 234 537 сом бөлүндү. Буга кошумча №15 “Ак Бешик” бала бакчасы, №3 мектеп гимназиясы, №6 “Теремок” бала бакчасы, №7 мектептин оңдоп-түзөө иштерине 3,5 млн сомдон ашык акча каражаты бөлүнүп, учурда оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Аталган иштерди жаңы окуу жылына карата аяктоо пландалууда.