Жаңылыктар

Жаңы техникалар ишти жеңилдетет

20.02.2026  16:17     Кароолор (4)

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин катышуусунда Талас облусундагы муниципалдык ишканаларга жалпы 42 оор техника тапшырылды.

Президент Садыр Жапаровдун турукташтыруу фондунан каржыланган техникалардын 18 даанасы Талас шаарына бөлүнүп берилди. 13 техника асфальт-бетон, темир-бетон жана таш майдалоочу заводунун курамына өткөрүлүп берилсе, 5 техника Талас шаарынын коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына тапшырылды.

Аталган техникалар иштин сапатын жогорулатып, шаар жана облус аймагында инфраструктуралык долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууга жакшы өбөлгө түзмөкчү.