Мелдештин негизги максаты – жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, өзгөчө кырдаалдарда туура аракеттенүүгө үйрөтүү, коопсуздук эрежелерин сактоого чакыруу жана куткаруучу кесибин жайылтуу болуп саналат.
Жыйынтыгында, Талас шаарындагы №2 мектептин командасы мыкты даярдык көрсөтүп, 1-орунду ээледи. Эми облустук этапта Талас шаарынын намысын коргоп чыгат.
Бул иш-чарага Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси жана Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери катышып, жаш куткаруучуларга дем-күч беришти.