Жаңылыктар

“Жаштар – келечектин үмүтү” форуму өттү

18.11.2025  20:18     Кароолор (4)

Бүгүн, Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде “Жаштар – келечектин үмүтү” форуму өткөрүлдү. Иш-чарага Талас шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Гулмира Орозалиева, Ички иштер бөлүмү, социалдык өнүгүү жана миграция башкармалыгы, Талас облустук мусулмандар казыятынын кызматкерлери, ошондой эле студенттер, мектеп окуучулары катышты.

Форумдун жүрүшүндө жаштарга тарбиялык, коомдук жана руханий багыт берүүчү баяндамалар окулду.

Форумдун максаты — коомдун өнүгүүсүндө жаштардын ордун бекемдөө, патриоттук жана жарандык жоопкерчилик сезимин жогорулатуу болду.