2025-жылдын 11-июнунда Талас шаарынын мэриясынын жыйындар залында Талас райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын эмгек жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн адистери тарабынан «Жаштар такшалмасы» долбоорунун алкагында стажерлор үчүн «Жаштардын жашоо көндүмдөрүн өнүктүрүү» программасы боюнча тренинг өткөрүлдү. Иш-чара Талас шаарынын мэриясынын демилгеси менен уюштурулду.
Тренингдин негизги максаты жаштардын негизги жашоо көндүмдөрүн калыптандыруу, жумушка орношууга даярдоо жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болду. Катышуучулар өздөрүнүн күчтүү жана алсыз жактарын аныктап, технологиялык өнүгүүлөрдү колдонуу аркылуу өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн жолдорун үйрөнүштү.
Иш-чарада топтук иштер, баарлашуу, команда менен иштөө, стресс жагдайларды башкаруу көндүмдөрү боюнча практикалык тапшырмалар аткарылды. Ролдук оюндар аркылуу резюме түзүү жана маектешүүдөн ийгиликтүү өтүү ыкмалары практикалык түрдө көрсөтүлдү.
Белгилүү болгондой, бүгүнкү күнгө чейин «Жаштар такшалмасы» долбоорунун алкагында 82 такшалуучу жана 25 иш берүүчү менен үч тараптуу келишим түзүлүп, иш берүүчүлөр тарабынан насаатчылар дайындалып, жаштарга иш тажрыйбасын алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Анын ичинен 48 такшалуучу туруктуу жумушка орношууга жетишти.
Мындан тышкары, тренинг учурунда Россия Федерациясынын Президентинин 2024-жылдын 30-декабрындагы №1126 жарлыгынын алкагында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарга укуктук макамын мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Катышуучулар өз укуктук абалын 2025-жылдын 10-сентябрына чейин жөнгө салышы керектиги эскертилди. Ошондой эле мыйзамсыз миграциянын кесепеттери, адамдарды сатууга каршы күрөш жана миграцияга даярдыктын маанилүүлүгү боюнча презентациялар көрсөтүлдү.
Бул иш-чара жаштардын ишке орношуусуна жана коомдо активдүү рол ойноосуна өбөлгө түзгөн маанилүү кадамдардын бири катары бааланды.