Жаңылыктар

ЖАШТЫК КОНУШУНДА ЖАҢЫ КУРУЛГАН ИСЛАМ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

26.11.2024  16:00     Кароолор (52)

2024-жылдын 26-ноябрында Талас шаарынын Жаштык конушунда Шейх Абдулькадыр Шийба Аль-Хамад атындагы Ислам борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Аталган борбордо медресе, имам жана мугалимдер үчүн үй, ФАП жана дүкөн камтылган.

Ачылыш аземге КР ЖКнын депутаттары Дастан Жумабеков, Марат Мураталиев, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүнүн аппарат жетекчиси Руслан Джеенбеков жана шаар мэри Байышбек Астанакулов катышты.

2023-жылдын жай айларында башталган Ислам борборунун курулушуна Шарикату машариу Байрахау АльМахдуда демөөрчүлүк кылган. Мурдагы мечиттин имараты кичине болгондуктан жаңы мечиттин имаратына муктаждык жаралып келген.

Белгилей кетсек, жаңыдан пайдаланууга берилген Ислам борборунун курулуш иштерине инвестор тартып келүүдө КР ЖКнын депутаты Дастан Жумабековдун жана анын үй бүлөсүнүн салымы чоң.