19-февралда Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Эрмек Окенов жана социалдык сектордун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы №68 токтомун аткаруу алкагында Талас шаарындагы жеке менчик жана акселератордук (үй тибиндеги) бала бакчалардын абалы менен жеринен кабар алышты.
Аталган токтом «Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу» максатында кабыл алынган. Жеринен барып көрүү учурунда бала бакчалардын инфраструктурасы, тарбиялоо жана окутуу шарттары, ошондой эле аларды колдоо жана өнүктүрүү боюнча маселелер каралды.
Жолугушуунун жүрүшүндө бала бакча ээлери жана тарбиячылар менен сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, алардын ишмердүүлүгүндөгү негизги көйгөйлөр жана муктаждыктар талкууланды. Мэрия өкүлдөрү тиешелүү мамлекеттик программалар жана колдоо механизмдери тууралуу маалымат берип, балдарды мектепке чейинки билим берүү менен кеңири камтуу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө түшүндүрмө беришти.