Жаңылыктар

ЖЕҢИШ КҮНҮНӨ КАРАТА СОЦИАЛДЫК КОЛДОО КӨРСӨТҮЛДҮ

08.05.2025  16:20     Кароолор (9)

Бүгүн, 8-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата шаар мэри Байышбек Астанакулов согушта каза болгондордун жесирлерине жана ооруктун ардагерлерине акчалай жардам тапшырды.

Шаар башчысы аталган тургундардын абалдарын сурап, жылуу баарлашты. Эртеңки 9-май Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктап , чың ден-соолук жана бакубат жашоо каалады.

Шаар бийлиги депутаттардын колдоосу менен мындай камкордукту ар жылы уюштуруп келет.