Жаңылыктар

Жергиликтүү бийлик шаар тургундары менен жолугушуу өткөрдү

19.06.2026  15:30     Кароолор (6)

 КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Эмилбек Жамакеев жана Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев Чыңгыз Айтматов көчөсүнүн тургундары менен жолугушуу өткөрүштү.

Жыйында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган республикалык деңгээлдеги иш-чарага даярдык көрүү маселелери талкууланды.Ошондой эле  шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык тазалыкты камсыз кылуу, көчөлөрдү иретке келтирүү жана турак жайлардын кызыл сызыктарын тактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берилди.

Жолугушууда тургундар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, сунуш-пикирлерин билдиришти. Көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр берилип, айтылган сунуштар жана кайрылуулар көзөмөлгө алына турганы белгиленди.