Жаңылыктар

ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК ТУРГУНДАРДЫН КАЙРЫЛУУСУН УКТУ

30.07.2025  14:20     Кароолор (10)

30-июлда, Талас шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Көчөрбаев жана депутаттардын Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков жарандарды кабыл алышты.

Кабыл алуу учурунда тургундар тарабынан бир катар маселелер көтөрүлдү. Жергиликтүү жашоочулар К.Нуржанов аллеясында жүргүзүлүп жаткан реконструкциялоо иштерине байланыштуу сунуш-пикирлерин айтып, көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатына кошумча курулуштарды өз алдынча куруп, сыртка чыгып алгандарга чара көрүү жана аларды буздурууну талап кылышты.

Көтөрүлгөн маселелер мыйзам чегинде каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынаарын жетекчилер тургундарга билдиришти.