Жаңылыктар

Жергиликтүү жамааттар күнү белгиленди

05.11.2025  12:07     Кароолор (24)

Жергиликтүү жамааттар күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Союзунун демилгеси менен Талас облусундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды.

Бир катар кызматкерлер буга чейинки кылган эмгектери үчүн төш белги жана ардак грамоталар менен сыйланышты. Алардын катарында Талас шаарынын вице-мэри Айбек Көчөрбаев жана Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Жаныбеков бар.

Иш-чараны Талас облусундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлү, шаардык кеңештин депутаты Айбек Сүйүнтбеков өткөрдү.