Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясы биргеликте айылдык, шаардык кеңештердин аял депутаттарынын жолугушуусун уюштурду.
Таластык депутат айымдар менен жолугушууга Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен, Аксы райондорунан, Чүй облусунун Чүй районунун, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети- Өгүз райондорунун жергиликтүү кеңешинин депутат айымдары келишти.
Тажрыйба алмашуу ыкмасы алгач Бакай-Ата районунда өтүп, расмий иш-чара Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинин жыйын залында уюштурулду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова иш-чараны ачып, Талас облусунда мамлекет башчысынын колдосу менен ишке ашып жаткан ири долбоорлор боюнча маалымат берди. Аял депутаттардын жергиликтүү чечимдердин ишке ашышына кошо турган салымы өтө зор экенин белгилеп, тажрыйба алмашуу депутат айымдардын активдүүлүгүн күчөтүүго себепкер экенин айтып, Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясына ыраазычылык билдирди.
Талас шаардык Кеңешинин төрагасы Калыс Жаныбеков аял депутаттардын чечкиндүүлүгүн, өзгөчө социалдык оор маселелерге байланыштуу иш-аракеттердеги активдүүлүгүн айтты.
Иш-чарада депутат айымдар кылган иштерин, кабыл алган чечимдерин бөлушуп презентацияларды жасашты.