2025-жылдын 8-ноябрында Талас шаарындагы Атай Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин шайлоо бюллетенине киргизүү кезегин аныктоо боюнча чүчү кулак өткөрүлдү.
Иш-чарага БШКнын мүчөсү Кабылбек Мамбеталиев, №16 шайлоо округунун жумушчу топторунун жетекчилери жана мүчөлөрү, ОБСЕнин, ЖМКнын өкүлдөрү катышты.
Жыйында бюллетендеги талапкерлердин ирети чүчү кулак аркылуу аныкталды, андан соң көп мандаттуу шайлоо округу боюнча катталган талапкерлер меморандумга кол коюп, тиешелүү протоколдор түзүлдү.