Жол кыймылын жөнгө салуу менен айдоочулардын коопсуздугун камсыздоо максатында Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы жол белгилерин орнотуу иштерин жүргүзүүдө.
Буга чейин светофорлордун жанына илинген жол белгилери айдоочуларга жакшы көрүнүшү үчүн жерге орнотулуп жаңыртылууда. Анын алкагында Бердике баатыр – Ж. Мырзалиев, Бердике баатыр – Токтогул, Бердике баатыр – Ч. Сатаев, А. Оторбаев – Үмөт молдо, А. Оторбаев – Ж. Мырзалиев, А. Оторбаев – И. Сарыгулов, А. Оторбаев – К. Нуржанов көчө кесилиштерине жол белгилери коюлду.
Буга кошумча быйыл жаңы асфальт басылган Б. Осмонкулов көчөсүнө (Б. Осмонкулов – А. Огомбаев, Б. Осмонкулов – А. Оторбаев, Б. Омонкулов – О. Турдалиев, Б. Омонкулов – Бердике баатыр, Б. Осмонкулов – О. Өмүрбеков жана О. Турдалиев – Ж. Турсалиев) артыкчылык жол белгилери орнотулду.