Жаңылыктар

“Зомбулуксуз коом – коопсуз келечек”

13.03.2026  13:30     Кароолор (7)

Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде “Зомбулуксуз коом – коопсуз келечек” аталышындагы форум өттү.

Иш-чарага Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Анарбек Ибралиев, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Марат Рыспеков, Талас шаарынын прокурору, юстициянын полковниги Жылдызбек Разыбеков, Талас райондук жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлү Турдубек Момоконов, ошондой эле Азирети муфтийдин Талас облусундагы өкүлү Нийматилла ажы Топчиев катышты.

Форумга мектеп окуучулары, мугалимдер жана ата-энелер да катышып, жаштар арасында зордук-зомбулуктун жана эрте никенин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаштарды тарбиялоодо үй-бүлөнүн, мектептин жана коомчулуктун биргелешкен аракетинин маанилүүлүгү белгиленди.

#талас #мэрия