Жаңылыктар

Зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

24.09.2026  14:28     Кароолор (25)

Өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын, кылмыштуулуктун жана зомбулуктун алдын алуу боюнча Талас шаарындагы мектептерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чараларга Талас шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Марат Шайбеков, Талас шаарынын прокурору Жылдыз Разыбеков, Талас шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси жана Талас шаардык ИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүлөрү катышты.

Жолугушууларда окуучуларга “Мектептеги коопсуздук: зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу” темасында маалыматтар берилди. Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу рекетчилик жана коомдук жайларда өзүн алып жүрүү эрежелери, мектептеги коопсуздук, зомбулукка жол бербөө жана мыйзам талаптарын сактоо боюнча маалыматтар берилди