Жаңылыктар

ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ ИШ-ЧАРАЛАРЫ КҮЧӨТҮЛҮҮДӨ

19.08.2025  15:10     Кароолор (9)

Бүгүн, 19-августта Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу боюнча жыйын өттү. Иш-чара Талас шаардык мэриясы, ички иштер бөлүмү, Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмү жана эмгек, социалдык камсыздоо, миграция башкармалыгы менен биргеликте уюштурулуп, жыл башынан бери аткарылган иштер боюнча маалыматтар берилди.

Белгилүү болгондой аталган кызматтардын бирдиктүү аракети менен Талас шаарында 19-августка чейин үй-бүлөлөр арасында зордук-зомбулукту жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, эрте никени , мектеп рекетчилигин алдын алуу боюнча бир катар иштер жүргүзүлгөн. Жалпы 708 иш-чара өткөрүлүп, түшүндүрүү жана көзөмөл иштери жасалган. Натыйжада өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук азайган. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун деңгээли да төмөндөп, 2024-жылы 45 учур катталса, 2025-жылы 39 учур болуп, 6га кыскарган. Ошондой эле мэриянын алдындагы комитеттер жана комиссиялар 45 отурум өткөрүп, 52 маселени карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алган.

Мындан тышкары, жаш өспүрүмдөрдүн арасында өз өмүрүнө кол салуунун алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп, 1 учур ийгиликтүү чечилген. Жалпысынан зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу багытындагы иштер Талас шаарында үзгүлтүксүз жүрүп, оң жыйынтыктар байкалууда.