Жетекчилик

Асылбеков Нургазы Чолпонкулович

Асылбеков Нургазы Чолпонкулович

Талас шаарынын мэри

Электрондук дарек: asylbekovnurgazy8@gmail.com

Нургазы Чолпонкулович Асылбеков 1983-жылы 3-декабрда Талас облусунун Айтматов районунда төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, алты баланын атасы. Өзүнүн эмгек жолу аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу, айыл чарба, ветеринария жана мамлекеттик башкаруу тармактарында чоң тажрыйба топтогон. 

Билими

Нургазы Асылбеков үч жогорку билимдин ээси:

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Талас юридикалык факультетин аяктап, юрист адистигин алган;

К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык университетинде ветеринардык врач адистиги боюнча окуган;

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча магистратура программасын бүтүрүп, магистр даражасын алган. 

Мамлекеттик тилди, ошондой эле орус тилин эркин билет. 

Эмгек жолу

Эмгек ишмердүүлүгүн жаш курагынан баштап, ар кандай жооптуу кызматтарда иштеп келген: инспекторлуктан жана дыйкан чарбанын жетекчилигинен тартып, райондук ветеринардык кызматтарда, айыл өкмөтүндө жана райондук мамлекеттик администрацияда жетекчилик орундарды ээлеген. 2025-жылдын 8-октябрынан тартып Талас шаарынын мэри болуп иштейт. 

Мэр катары Нургазы Чолпонкулович Талас шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, жашоочулардын жашоо шартын жакшыртууга, социалдык жана маданий демилгелерди колдоого, ошондой эле ачык жана элге жакын муниципалдык башкарууну чыңдоого өзгөчө көңүл бурат.

Сыйлыктар жана наамдар

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн төмөнкү сыйлыктар жана наамдар менен сыйланган:

«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы» төш белгиси;

Кыргыз Республикасынын ИИМинин Ардак грамотасы;

«Кыргыз Туу» гезитинин 95 жылдык юбилейлик медалы;

«Айыл чарбасынын отличниги» төш белгиси;

Кыргыз Республикасынын БШКсынын Ардак грамотасы;

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси наамы.