Талас шаарынын мэриясынын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:
– административдик муниципалдык кызмат орундун улук тобун ээлөөгө.
Административдик муниципалдык кызмат орундарына коюлуучу жалпы талаптар:
Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
Административдик муниципалдык орундун улук тобуна
Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.
Административдик муниципалдык орундун улук тобу үчүн -1 штаттык бирдик
(Экономика, финансы жана турак жай коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы - У-А)
Төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
Юриспруденция, архитектура жана курулуш, энергетика жана электротехника, жерге жайгаштыруу жана кадастрлар, айыл чарбасы, транспорттук техника жана технология, транспортто башкарууну жана ташууну уюштуруу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, жаратылышты колдонуу жана экология, математика, колдонмо математика, экономика жана башкаруу, тарых жана саясат таануу, статистика, салык жана салык салуу боюнча жогорку кесиптик билими.
Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
төмөнкүлөрдү билүү:
кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк) жана компьютердик программаларды (INFODOCS, Word, Excel ж.б. зарыл болгон программаларды) билүү.
билгичтиги:
көндүмдөрү:
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
- өзүнүн арызы;
- резюме (электрондук почтаны, жашаган дареги, байланыш номерлери жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
- өздүк таржымалы;
- акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөсү;
Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.
Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу:
– электрондук форматта өтүнмө берет;
– Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун ырастайт;
– мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген антикоррупциялык чектөөлөрдү кабыл алууну ырастайт.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (сканерленген документтер) тиркелет.
Тандоого катышуу үчүн керектүү документтер “e-Kyzmat” мамлекеттик вакансиялар порталы аркылуу https://kyzmat.gov.kg/ онлайн түрүндө өтүнмө жиберилет. Онлайн түрүндө өтүнмө берүү жол-жобосу боюнча видеонускама менен танышуу сунушталат. Видеонускама төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү: https://youtu.be/QURPIVr6z_E?si=evFh70sflA4BojKr
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке саат 9:30дан 17:00га чейин кабыл алынат. Талас шаарынын мэриясынын расмий сайтына чыккан күндөн баштап 10 календарлык күндүн ичинде 2026-жылдын 15-июлунан тартып 2026-жылдын 25-июлунуна чейин тапшыруу керек.
Дареги: Талас шаары К.Нуржанов аллеясы №18
Байланыш телефондору: (03422) 5-38-45.