Талас шаарынын мэриясынын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:
– административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобун ээлөөгө.
Административдик муниципалдык кызмат орундарына коюлуучу жалпы талаптар:
Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
Административдик муниципалдык орундун улук тобуна
Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.
Административдик муниципалдык орундун улук тобу үчүн -1 штаттык бирдик
(Башкы адис-юрист - У-Б)
Төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
Юриспруденция боюнча жогорку кесиптик билими.
Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
төмөнкүлөрдү билүү:
кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.
кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк) жана компьютердик программаларды (INFODOCS, Word, Excel ж.б. зарыл болгон программаларды) билүү.
билгичтиги:
көндүмдөрү:
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
- өзүнүн арызы;
- резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
- өздүк таржымалы;
- негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтер (сканерленген документтер);
- эмгек китепчеси (иш стажы бар болсо сканерленген документтер);
- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтер;
Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.
Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу:
– электрондук форматта өтүнмө берет;
– Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун ырастайт;
– мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген антикоррупциялык чектөөлөрдү кабыл алууну ырастайт.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (сканерленген документтер) тиркелет.
Тандоого катышуу үчүн керектүү документтер “e-Kyzmat” мамлекеттик вакансиялар порталы аркылуу https://kyzmat.gov.kg/ онлайн түрүндө өтүнмө жиберилет. Онлайн түрүндө өтүнмө берүү жол-жобосу боюнча видеонускама менен танышуу сунушталат. Видеонускама төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү: https://youtu.be/QURPIVr6z_E?si=evFh70sflA4BojKr
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке саат 9:30дан 17:00га чейин кабыл алынат. Талас шаарынын мэриясынын расмий сайтына чыккан күндөн баштап 10 календарлык күндүн ичинде 2026-жылдын 19-январынан тартып 2026-жылдын 29-январына чейин тапшыруу керек.
Дареги: Талас шаары К.Нуржанов аллеясы №18
Байланыш телефондору: (03422) 5-38-45.